Кыргызстандагы студенттердин 54 пайызга жакынын кыздар түзөт. Бул тууралуу маалымат чыгарган Улуттук статистика комитети кыздар арасындагы популярдуу адистиктердин тизмесин жарыялады.
Мекеменин маалыматына ылайык, кыздар билим берүү багытында окуп жаткан студенттердин арасында 84,3% түзөт, табигый илимдер багытында - 80,4%, гуманитардык багытта - 79,2, журналистикада - 78,5%, кызмат көрсөтүү тармагында 67,9%, бизнес жана башкаруу багытында - 57%.
Ал эми жигиттер архитектура багытында окуган студенттердин арасында 81,5%, техникалык илимдерди тандап алгандардын ичинде - 70,3%, айыл-чарба багытында - 69,3%, укук таануу багытында - 66,1%, маданият багытында - 65,4% түзөт.
Медицина багытында окуган кыз-жигиттердин саны дээрлик бирдей.