Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Путин Трамптын жаңы стратегиясын сындады


Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясын "агрессивдүү" деп атады. Ал Москва Вашингтондун мындай мамилесин өзүнүн келечектеги иш-аракеттеринде эске алаарын Орусиянын Коргоо министрлигинде 22-декабрда сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

Президент Трамп 18-декабрда улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегия жарыялап, анда Кытай менен Орусия АКШ үчүн “атаандаш державалар” катары мүнөздөлгөн. Трамп Кошмо Штаттар бул эки өлкө менен “мыкты өнөктөштүктү” көздөөрүн, бирок биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгын коргой турганын айткан.

Орус лидери жума күнкү сөзүндө АКШ менен НАТОну Европада аскердик кудуретин күчөтүп жатат деп сындады. Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Вашингтонду "Кансыз согуштун кулк-мүнөзүн" артка таштоого чакырып, Бээжин глобалдык өнүгүүгө салым кошуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG