Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

АКШнын стратегиясындагы “атаандаш державалар”


Президент Доналд Трамп улуттук коопсуздук боюнча стратегиясын жарыялаган учур. Вашингтон, 18-декабрь, 2017-жыл.
Президент Доналд Трамп улуттук коопсуздук боюнча стратегиясын жарыялаган учур. Вашингтон, 18-декабрь, 2017-жыл.

АКШда улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегия жарыяланды. Анда Кытай менен Орусия Кошмо Штаттар үчүн “атаандаш державалар” катары аталган. Президент Трамп стратегияны жарыялаган сөзүндө өлкөсү Кытай жана Орусия менен “мыкты өнөктөштүктү” көздөп, бирок улуттук кызыкчылыгын коргой турганына токтолду.

Улуттук коопсуздук боюнча стратегия - Кошмо Штаттарда Рональд Рейгандын тушунан бери ар президент адатта төрт жыл сайын иштеп чыгып келе жаткан расмий документ.

Президент Трамп 18-декабрь күнү жаңы стратегияны жарыялоого арналган жарым сааттык сөзүндө мурдагы администрациялар менен президенттердин бир катар маселелер, анын ичинде контр-терроризм, Иран, Түндүк Корея боюнча саясатын сынга алды.

Алтымыш сегиз барактан турган жаңы документтин мазмунун чечмелеген Доналд Трамп анын администрациясы даярдаган стратегиянын өзгөчөлүктөрү тууралуу буларга токтолду:

- Биздин жаңы стратегия реализм принцибине негизделет. Бул стратегия биз каалайбызбы же жокпу, атаандаштыктын жаңы дооруна катышып жатканыбызды тааныйт. Биз күчтүү аскердик, экономикалык жана саясий атаандаштык бүткүл дүйнөдө жүрүп жатканын кабыл алабыз. Биз Кошмо Штаттарды жана анын өнөктөштөрүн коркуткан шылуун режимдерге туш келип жаткан кезибиз. Биз террористтик уюмдарга, трансулуттук криминалдык топторго, дүйнөдө кыянатчылык менен карасанатайлыкты жайылткандарга туш болуп жатабыз. Биз ошондой эле атаандаш державаларга - Орусия менен Кытайга кабылдык. Алар АКШнын таасирине, баалуулуктарына, байлыгына чакырык таштоону көздөшөт. Биз алар менен жана башка мамлекеттер менен мыкты өнөктөштүк түзүүгө умтулабыз, бирок ар убак улуттук кызыкчылыктарды коргоо жолу менен.

Доналд Трамп менен орус президенти Владимир Путин.
Доналд Трамп менен орус президенти Владимир Путин.

Трамп Орусиянын Санкт-Петербург шаарында мерчемделген, “көптөгөн, балким миңдеген адамдын” өмүрү кыйылышы мүмкүн болгон теракт АКШнын атайын кызматтарынын жардамы менен алдын алынганын кызматташтыктын “мыкты” үлгүсү катары мүнөздөдү. Бул үчүн орус президенти Путин Трампка 15-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүндө ыраазычылык билдиргенин Кремл да, Ак үй да маалымдаган.

АКШнын жаңы стратегиясында “Кытай менен Орусия Америка анын кубатына, таасирине, кызыкчылыктарына чакырык таштап, Американын коопсуздугуна жана бакубаттыгына шек келтирүүгө аракеттенет", - деп эскертилген.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00
Түз линк

Президент Трамп өз сөзүндө АКШнын стратегиясы биринчи ирет экономикалык коопсуздукту да улуттук коопсуздук катары таанып жатат деп ырастады:

- Ал (стратегия) адилеттик жана эки тараптуулук принцибине негизделген соодага чакырат. Ал адилетүү эмес соода практикаларына, интеллектуалдык менчикти уурдоого каршы катуу чара көрүүгө үндөйт. Ал индустрия жана инновация боюнча биздин улуттук коопсуздугубузду коргоого чакырат.

АКШнын азыркы президенти “соодадагы адилеттик” дегенде адатта биринчи кезекте өз өлкөсүнүн Кытай менен соодасын эске алып жүрөт.

Дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикалары ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү былтыр 578 миллиард долларды түзсө, 309 миллиард доллар менен Кытайдын пайдасына аяктаган.

Башкача айтканда, АКШнын экспортуна караганда, Кытайдыкы мына ушул суммага көп болгон. Ал эми быйыл он айда АКШ статистикасы боюнча Кытай аларга 413 миллиард, АКШга Кытайга 104 миллиард долларга гана товар саткан. Бээжин болсо сооданын учурдагы абалын деле Кошмо Штаттар үчүн пайдалуу деп эсептейт.

АКШ стратегиясы жарыяланар алдындагы (18-декабрь) басма сөз жыйында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чунинг "эки тараптуу тикелей жана кыйыр соода АКШда 2,6 миллион жумушчу орун түзүүгө жардам берди" деп ырастап, төмөнкүлөрдү белгилеген:

- Биз АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча жаңы стратегиясы дүйнөдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка көмөктөшүүдө конструктивдүү роль ойнойт, АКШ менен Кытайдын ортосунда стратегиялык ишенимди колдоого салым кошот деп үмүттөнөбүз. Биз бекем, туруктуу жана чың соода-экономикалык мамиле куруш үчүн АКШ тарап менен иштешүүгө даярбыз. Бул АКШ менен Кытайдын кызыкчылыктарына жана эл аралык коомчулуктун күтүүсүнө жооп берет деп эсептейбиз.

АКШнын улуттук коопсуздук стратегиясында, документте жазылгандай, Түндүк Корея менен Ирандагы “диктатуралар” “аймактардын туруктуулугун бузуп, америкалыктарга жана биздин өнөктөштөргө коркунуч жаратууда жана өз элине карата катаал” мамиле кылууда деп көргөзүлгөн.

Президент Трамп өз сөзүндө Түндүк Кореянын өзөктүк жана баллистикалык ракета программасы жараткан проблеманы чечүүдөн башка АКШнын “аргасы жоктугун” да кошумчалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG