Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

ЦРУ Орусиядагы терактты токтотууга жардам берди


ФСБ Санкт-Петербургда экстремист деп шектелген адамдарды кармады. 15-декабрь, 2017-жыл
ФСБ Санкт-Петербургда экстремист деп шектелген адамдарды кармады. 15-декабрь, 2017-жыл

Орусия аймагында пландалган террордук чабуул АКШнын чалгын кызматтарынын жардамы менен алдын алынганын Кремл да, Ак үй да билдирди. Эки өлкөнүн контртеррордук кызматташтыгынын чоо-жайы коомчулукка президенттердин 17-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн кийин айтылды жана бул адаттан тыш окуя болду.

Кремлдин билдиргенине караганда, АКШнын Борбордук чалгын кызматы – ЦРУ Орусияны Санкт-Петербург шаарында пландалган терактты алдын алууга жардам берген маалымат менен камсыздаган.

Андыктан, орус президенти Владимир Путин 17-декабрда анын демилгеси менен болгон телефон сүйлөшүүсүндө АКШ президенти Дональд Трампка “террорчуларды кармоого” жардам берген маалымат үчүн ыраазычылык билдирди.

Путин Трамптан ЦРУнун директору Майк Помпеого жана АКШнын чалгын офицерлерине ырахмат айтып коюуну суранган.

Кремл ошондой эле “Путин Трампты Орусиянын коопсуздук кызматтары АКШга жана анын жарандарына каршы террор коркунучу боюнча маалымат алган учурда дароо америкалык кесиптештерине берерине ишендиргенин” кошумчалады.

Акыркы төрт күн ичинде эки президент телефондон экинчи ирет сүйлөшкөнүн Ак үй дагы ырастап, Трамп Путинге “ал жана АКШнын бүткүл чалгын жамааты көп адамдын өмүрүн сактап калууга жардам бергенине кубанычта” экенин айтканын кабарлады.

“Президент Трамп террорчуларды алар кайда болбосун жеңүү үчүн чалгын чөйрөсүндөгү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи”,- деп көрсөтүлөт Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Президенттердин 17-декабрдагы телефон сүйлөшүүсүнөн эки күн мурда, 15-декабрда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБ Санкт -Петербург шаарында бир нече теракт жасоону көздөгөн деп шектелген жети адамды кармаганын жарыялаган эле.

ФСБ анда шектүүлөр "Ислам мамлекети" радикал тобунун мүчөлөрү болушу мүмкүндүгүн, аларга кимдир бирөөлөр "Телеграм" түйүнү аркылуу өлкө сыртынан багыт берип турганын маалымдаган.

Путин менен Трамп өткөн бейшемби күнү (14-декабрь) да телефондон АКШ президентинин демилгеси менен сүйлөшүп, Түндүк Корея маселеси талкууланган:

- Бул (сүйлөшүү) абдан жакшы болду. Ал (Путин) мен бул өлкө (АКШ) үчүн экономика жагынан жасаган иштер боюнча жакшы нерселерди айтты, башка чөйрөлөрдө болуп жаткан терс көрүнүштөргө да токтолду. Бирок башкы максат-Түндүк Корея жөнүндө сүйлөшүү эле, себеби бизге Түндүк Корея боюнча жардам керек. Кытай жардам берүүдө, Орусия берген жок. Орусиянын биз алгыбыз келген жардамы абдан маанилүү, - деген болчу президент Трамп Путин менен телефон сүйлөшүүсүн чечмелеп.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамп өзү Орусия менен карым-катышты оңдоону каалай турганын такай айтып келет.

Бирок Орусиянын Украинадагы аракеттерине, өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча келишимди бузуп жатат деп эки тараптын бири-бирин айыптоосуна, ошондой эле АКШнын чалгын кызматтарынын Орусия 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишти деген бүтүмүнө байланышкан маселелерден улам мамиле бузулган абалда турат.

Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишүүсү президент Трамптын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен ыктымал байланыштары боюнча АКШдагы бир нече иликтөө али уланууда.

Трамп анын шайлоо штабындагы адамдардын Орусия менен эч байланышы болгон эмес, Путин Москва АКШ шайлоосуна эч кийлигишкен эмес деп ырастап келет.

- Мунун баары Трампка оппозицияда турган адамдар тарабынан анын ишин легитимсиз кылуу үчүн ойдон чыгарылган. Ачык айтайын бул мен үчүн да абдан таң калыштуу. Муну жасап жаткан адамдар өз аракеттери менен өлкөнүн (АКШнын) ички саясий абалына зыян келтиргенин түшүнбөгөндөй,- деген эле Путин 14-декабрдагы басма сөз жыйында.

Владимир Путиндин маалымат жыйыны.
Владимир Путиндин маалымат жыйыны.

Ал ошондой эле карым-катышты калыбына келтирүү “Американын да, Орусия элинин да кызыкчылыгындагы иш экенине” токтолгон.

17-декабрда болсо АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман Твиттердеги баракчасында “менимче, биз алдыда АКШ-Орусия алакасы жакшыруусун күтөбүз, америкалыктар муну күтүп, талап кылууда. Орус эли да муну күтүп, талап кылууда”, -деп жазды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG