Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында жанкечти жардыруусунан алты полиция кызматкери мүрт кетти. Ооган расмийлери кабарлагандай, жаракат алган тогуз полицейдин бешөөнүн абалы оор.
22-декабрда таң эрте белгисиз адам унаасы менен Майванд районундагы полиция кеңсесинин кире беришине келип, жардыруучу заттарын ишке киргизген. Чабуулга талиптер жоопкерчилик алышты.
Бул кол салуу АКШ вице-президенти Майк Пенс алдын ала жарыяланбаган визити менен Ооганстанга барган учурда жасалды. Пенс АКШ жана ооган күчтөрү талип жоочуларына каршы күрөштө "чыныгы жалыш" жасаганын 21-декабрда Баграм аба базасындагы кайрылуусунда айткан.