Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

"Тез жардамды" сүзгөн айдоочу кыз он жылга шарттуу кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

22-декабрда Ысык-Көл райондук соту Чолпон-Ата шаарынын кире беришиндеги жолдо төрт адамдын өмүрүн алган кырсык боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу кырсыкта каза тапкан дарыгер Марипа Садыбакованын уулу Азамат Садыбаков "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыкка себепкер болгон кыз Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-4-бөлүктөрү (Транспорт каражаттарын пайдаланууда коопсуздук эрежелерди бузуу) менен күнөөлүү деп табылды. Сот аны үч жыл бою автоунаа башкаруу укугунан ажыратуу менен 10 жылга шарттуу кести.

Ал эми автоунаа ээси тараптардын макулдашуусунун негизинде кылмыш жоопкерчилигинен бошотту. Каза болгон адамдардын туугандары ага "дооматыбыз жок" деген тосмо кат жазып беришкен.

Быйыл 1-октябрда Чолпон-Ата шаарынын кире беришинде "Мерседес" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып "Тез жардам" машинесин сүзгөн.

Натыйжада "Тез жардам" жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Ичиндеги й-күнү жетип калган 19 жаштагы кош бойлуу келин, анын 27 жаштагы тууганы, фельдшер жана айдоочу каза болушкан. "Мерседести" айдап келе жаткан 23 жаштагы кызга карата Кылмыш кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугун сактабагандык, жол эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алгачкы экспертизада анын алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган. Ал эми машине ээси анын жанында отурганы белгилүү болгон. (AsM)

XS
SM
MD
LG