Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Кырсыкта жакындарын жоготкондордун талабы


Кырсыкта каза болгон Динара Усупбаеванын апасы Бурул Конокбаева
Кырсыкта каза болгон Динара Усупбаеванын апасы Бурул Конокбаева

Чолпон-Атада Тез жардам унаасында баратып, жол кырсыгынан каза болгондордун жакындары нааразылык акциясына чыгышты.

Нааразылар Ысык-Көл райондук сотунун жана райондук милициянын алдына барышып, адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышты. Маркумдардын туугандары күнөөлөнүп жаткан адам жеңил жаза алып калышы ыктымал деген пикирде.

Ишти тергөөгө алган милиция кызматкерлери алар менен жолугуп, иш мыйзам чегинде тергелип, сотко өткөнүн билдиришти.

"Колунда бар кишилер экен..."

1-октябрга караган түнү Чолпон-Ата шаардык тез жардам кызматына “Чайка” эс алуу зонасында келиндин толгоосу бышып калганы, ага медициналык жардам керектиги тууралуу коңгуроо түшөт. Жерине барган дарыгерлер толгоо тарткан келинди жана анын бөлөсүн коштоочу кылып салып, Чолпон-Атадагы ооруканага бет алган.

Шаардын кире беришинде Тез жардам автоунаасын катуу ылдамдыкта келаткан "Мерседес-Бенц Е420" үлгүсүндөгү автоунаа капталдан сүзүп, кагылышууда төрт адам жеринде каза тапкан. Алардын экөө Тез жардам кызматынын дарыгерлери болчу.

1,5 ай мурда болгон жол кырсыкта каза болгондордун ызаланган жакындары 14-ноябрда Ысык-Көл райондук сотунун алдында боздоп турушту. Алар сот күнөөлүү тарапты актап салышы мүмкүн деп кооптонгондуктан ушул акцияны өткөрүп жатышат.

Кырсыкта каза болгон Динара Усупбаеванын апасы Бурул Конокбаева соттон адилеттик издеп келгенин айтып, көз жашын тыя албай турду:

- Кызымдын эки баласы жетим калды. Эч кимден жардам жок. Ажырашып жүргөн, таякты көп жеп үйгө келчү. Сот акыйкат чечип, жардам кылса деп суранат элем. Күнөөлүүлөр жазасын алса болот эле. Колунда бар кишилердин балдары, жазадан кутулуп кетет деп угуп жатабыз.

Маркум Динара 27 жашта болчу. Эки баланын энеси Динара жолдошу менен таарынышып жүргөн. Өлгөндөн кийин кайын журту Динаранын сөөгүн Ак-Сууга жерге беришкен. Бурул кызынын кайын журту күнөөлүү тарап менен макулдашып, тосмо арыз жазып берип койду деп шектенүүдө:

- "Баланын ата-энесинен 180 миң сом алып, тосмо арыз жазып берди" деп уктук. Алар үйгө келип да койгон жок. Мага жардам берип, балдарды да мага алып берсе деп суранып жатам. Кызымды менин көзүмчө сабачу. Никеге да турушкан эмес.

Бурул кызынын өлүмүнө айыптуулар өз жазасын алып, неберелерине тийиштүү кенемте төлөнүп берилишин талап кылууда.

Каза болгон кош бойлуу Аиданын апасы Клара Молдогазиева чырактай болгон кызынын өлүмүн экинчи тарап кырсык деп атаганына ичи ачышып, күнөөлүүлөргө бирдей жаза чегерүүнү талап кыларын айтып өттү:

- Сот рулда отурган кыздын жазасын азайтышы мүмкүн деген кептер бар. Ошол күнү кырсыкка күнөөлүүлөр мас экен. Айдоочу кыздын жанындагы баланын жазасын да жеңилдетип чыгарып жиберет деп жатышат. Ошолорду чыгарбай, мыйзам чегинде карап берүүңөрдү суранам. Менин жалгыз кызым болчу. Жок дегенде артында неберем калса го...

Каза болгон Аида менен Динара бөлөлөр болчу. Алар кырсыктан бир күн мурда Чолпон-Атага жакын Бает айылындагы "Чайка" эс алуу жайына иштегени келишкен. Кош бойлуу Аида баргандан кийин эле бир күндөн соң толгоосу башталып, Чолпон-Атадан тез жардам чакырылып, райондук ооруканага баратышканда авария болушкан.

Маркумдардын жакындары
Маркумдардын жакындары

Кырсыкта өмүрү менен кош айтышкандардын дагы бири - 34 жыл бою төрөт бөлүмүндө иштеген Марипа Садыбакова. Дарыгердин эмгегин район эли жакшы билет. Маркумдун артында жалгыз баласы калды. Азамат Садыбаков апасынын өлүмү үчүн күнөөлүүлөр жазасын алмайынча тынчыбай турганын айтат:

- Мен энемден айрылдым. Эне деген кымбат да. Мага өзгөчө жаман болду. Жападан жалгыз таянар тоом болчу. Ошентип апамдан да айрылып калдым...

Нааразы болгондор райондук милицияга барышты. Ал жерде тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен жолугуп, бул иштин тегерегинде ар кандай имиш кептер айтылып жатканын, ишти мыйзам чегинде карап чыгууну өтүнүштү.

Райондук милициянын тергөө бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев тергөө мыйзам чегинде өтүп жатканын, кайсы бир тарап менен макулдашуу болбогонун, иш сотко өткөнүн белгиледи:

- 1-октябрдан баштап 12-ноябрга чейин тергөө амалдарын толук жүргүздүк. Тергөөгө тийиштүү болгон бардык далилдерди чогултуп, ишти сотко өткөрдүк. Адамды күнөөлүү деп сот чечип, Кылмыш-жаза кодексинде каралган жазаны берет. Биз болгону айыпкер катары далилдерди чогултуп, айыптарын угузабыз, азыр иш соттун кароосунда.

Нааразылык акциясына чыккандар түштөн кийин тарашты.

1-октябрда кырсык боюнча "Мерседести" айдап келе жаткан 23 жаштагы кызга карата Кылмыш кодексинин 281-беренеси (жол коопсуздугун сактабагандык, жол эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Алгачкы экспертизада айдоочу кыз алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган.

Райондук сот айдоочу кызды жана машиненин ээсин эки айга камаган. Учурда алар Каракол шаарында убактылуу кармоочу жайда отурушат.

Кыргызстанда жыл башынан бери 4460 жол кырсыгы катталып, каза болгондордун саны 600дөн ашкан. Өкмөттүн маалыматы боюнча бул көрсөткүч былтыркыдан 6,7 пайызга көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG