Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 08:41

Активисттер Навальныйды шайлоодо каттоону талап кылышты


Алексей Навальный.

Санкт-Петербургда "Ачык Орусия" кыймылынын активисттери ишембиде Алексей Навальныйды колдогон акция өткөрүштү. Алар оппозициялык саясатчыны 2018-жылдагы президенттик шайлоого талапкер катары каттоону талап кылышты.

24-декабрда Орусиянын жыйырма шаарында Навальныйды көрсөтүү боюнча анын тарапкерлеринин жыйындары белгиленген.

Дүйшөмбүдө Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Алексей Навальныйдын добуш берүүлөргө катышуу тууралуу документтери башка талапкерлердин арыздары менен бирдей каралат деп билдирген.

Ага чейин БШК төрайымы Элла Памфилова Навальныйдын соттуулугу болгондуктан, аны талапкер катары каттоо мүмкүн эмес деп жарыялаган.

Оппозициялык саясатчы болсо өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүнү "мыйзамдуу" деп эсептеп, шайлоо алдындагы кампаниясын улантууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG