Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:28

Мигранттар үчүн "Мекен карт" долбоору иштелип жатат


Орусиядагы мигранттар. (Архив)
Орусиядагы мигранттар. (Архив)

Кыргыз өкмөтү чет мамлекеттерде иштеп жүргөн мигранттар үчүн "Мекен карт" деп аталган долбоорду иштеп жатат. Бул тууралуу вице-премьер Чолпон Султанбекова 22-декабрда парламентте билдирди. Анын айтымында, аталган долбоор мигранттарды колдоого багыттылган:

- Долбоордо чет өлкөдөгү кыргызстандыктарга бериле турган жеңилдиктер, кайтып келсе кандай жараяндардан өтүш керек - мына ушунун баары камтылган.

"Мекен карт" долбоору өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" деп аталган программасынын алкагында ишке ашырылмакчы.

Расмий маалымат боюнча сырттагы кыргызстандык мигранттардын саны 717 миң адам. Алардын 80 пайыздан ашууну Орусияда. Иш жүзүндө мигранттардын саны 1 миллиондон ашык экени айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG