Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Ливиялык качкындар тобу Италияга жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ливиялык 162 качкын Италиянын аскердик аба күчтөрүнүн эки учагы менен Римге жеткирилди. Бул тууралуу 23-декабрда БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарлыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Италияга келген бозгундардын арасында Эритрея, Эфиопия, Сомали жана Йемендик аялдар, балдар, майыптар бар.

БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгы эвакуацияланган бозгундар көптөгөн кыйынчылыктарды баштан кечиргенин, адам саткандардын катаал мамилесине кабылганын кабарлады.

Ливиядан Европага баш калка издеп чыккан качкындардын көпчүлүгү Италияга кайыктар менен өтүшөт. Миграция боюнча эл аралык уюмдун билдиришинче, 2017-жылы Жер ортолук деңизинде үч миңден ашык киши каза тапкан. Деңиз аркылуу Италияга жеткен мигранттардын саны 118 миңге жеткен.

XS
SM
MD
LG