Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Исаков Чүйдөгү өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуну тапшырды


Өкмөттүн 23-декабрдагы жыйыны.
Өкмөттүн 23-декабрдагы жыйыны.

Премьер-министр Сапар Исаков Чүй облусундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү мекемелерге тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Исаков 23-декабрда, Чүй облусундагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн кесепеттерин жоюу боюнча жыйын өткөрдү.

Анда вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев Шамшы, Кызыл-Суу жана Чу дарыяларында суунун жогорулаганына, коллектордук-дренаждык тармактардын бузулгандыгына жана өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу жер астындагы суулар көтөрүлгөнүн маалымдады. Анын айтымында, жеке субъектилер жана чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуп алганы да буга түрткү болуп жатат.

Жыйында бул маселенин кесепеттерин жоюу, коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуунун мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу тапшырылды.

Чүй айылында жана Токмок шаарында жер алдынан чыккан суу көтөрүлгөнүнө байланыштуу 19-декабрда чукул кырдаал режими киргизилген. Ага чейин жер алдынан чыккан суу айрым үйлөрдүн жертөлөлөрүн каптаган. (NT)​

XS
SM
MD
LG