Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:54

ЖК комитети Чубак Жалилов боюнча кайрылууну баш прокурорго жолдоду


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети мурдагы муфтий Чубак Жалилов боюнча кайрылууну баш прокурорго жиберди. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы да диний ишмер боюнча кайрылууну Ички иштер министрлигине жолдоп, чоо-жайын териштирип берүүнү талап кылган.

Абдирасулова Чубак ажы Жалилов боюнча азырынча парламенттеги бир фракция жана бир комитет жооп кайтарганын кошумчалады. Декабрдын башында аталган уюм мурдагы муфтий жана Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун "депутаттардын да экинчи аялдары бар, мен никесин кыйып бергем" деген билдирүүсүн ырастоо же жокко чыгаруу талабы менен Жогорку Кеңешке, парламенттеги комитеттерге жана фракцияларга кайрылган.

Жалилов быйыл ноябрдын соңунда экинчи аял алганын жарыялаган эле. Мындан кийин Бишкек шаардык милициясы аны суракка чакырган, Чубак Жалилов "биринчи аялын расмий, экинчисин сүйүктүүм" деп айтканын кабарлаган.

Диний ишмердин расмий жубайы Гүлнур Жалилова 9-декабрда күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазган. Ал "өзүн жана балдарын жолдошунан коргоону" суранган, өмүрлүк жары аларды коркутканын, жашоосу жакшы болбой жатканын, аны менен чогуу жашаганды каалабай турганын, Жалилов балдарын бир айда бир жолу гана көрүшүн каалаганын жазган. Милиция экс-муфтийдин жубайы "Сезим" кризистик борборуна арызданганын да ырастаган.

Арыз боюнча кылмыш иши козголгону кабарлана элек. Буга чейин шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттык" радиосуна Гүлнур Жалилованын милицияга жазган арызын териштирүү уланып жатканын, кылмыш иши козголобу же жокпу, иликтөө бүткөндөн кийин белгилүү болорун билдирген.

Чубак Жалилов жана анын жубайы бул окуялар жөнүндө комментарий бере элек. Экс-муфтий "депутаттардын да экинчи аялдары бар, бир тобунун никелерин кыйгам" деп жергиликтүү маалымат сайттардын бирине курган маегинде айткан. Бирок алардын ысымдарын атаган эмес. Диний ишмердин бул сөздөрү коомдо сынга алынып, укук коргоочулар мындай эл өкүлдөрүн, чиновниктерди ачыктоо же Жалиловдун сөзүн жокко чыгарууну талап кылып келишет.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, алар менен жалпы чарба жүргүзүп, чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылууга тийиш. (NT)

XS
SM
MD
LG