Линктер

жума, 22-июнь, 2018 Бишкек убактысы 10:06

Ирактын Мунай министрлиги 24-декабрда эл аралык инвесторлорго кайрылып, өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарынан Жер ортолук деңиздин жээгиндеги Түркиянын Жейхан портуна чейин жаңы мунай-газ куурун салууга чакырды.

"Мунай долбоорлору" мамлекеттик компаниясынын маалыматы боюнча, 350 чакырымдык мунай түтүктөрүнөн бир күндө миллион баррелге чукул мунайды өткөрсө болот.

Ирак бийлиги бул долбоорго катышам деген мунай компанияларына документтерди тапшыруу үчүн 24-январга чейин убакыт берди. Жаңы мунай кууру бир күндө 1,6 миллион баррелдик кубаттуулук менен иштеген мурунку куурду бойлой курулат. Мурдагы мунай түтүктөрүнүн көп бөлүгү 2014-жылы согушкерлердин чабуулунан улам иштен чыккан.

Ирак мунайдын запасы боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Бирок "Ислам мамлекети" радикал тобу менен куралдуу кармаштар өлкөнүн мунай инфраструктурасына кыйла залакасын тийгизген.

XS
SM
MD
LG