Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолун куруу долбоорун сүйлөшкөнү кыргызстандык адистерден турган топ бүгүн Ташкентке барат.
Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдагандай, Өзбекстандын башкалаасында 27-декабрда үч өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусу белгиленген. Ага Кыргызстандын, Кытайдын жана Өзбекстандын өкүлдөрү катышат.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси көтөрүлүп, бирок жүзөгө ашпай келатканына он жылдан ашты. 2012-жылдагы эсеп боюнча долбоорду ишке ашырыш үчүн 6-6,5 миллиард доллар керектелет. (NT)