Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:06

Жээнбековдун Казакстанга расмий иш сапары башталат


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Казакстанга расмий иш сапары менен барат. Президенттик аппарат билдиргендей, анын жүрүшүндө Жээнбеков Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев менен чакан чөйрөдө жолугат.

Андан соң кеңири жыйында Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланат.

Президенттин сапары андан ары Орусияда уланып, 26-декабрда ал Москвага жөнөйт.

Иш сапары Орусиянын президентинин чакыруусу менен өтөрү айтылды. Кыргыз президенти Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышмакчы. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG