Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Бишкекте өзбекстандык автоунаалардын көргөзмөсү өтөт


Өзбекстандын авто өнөр-жай тармагы бүгүн Бишкекте өз өндүрүмү менен тааныштырат. Иш-чараны Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги уюштурууда.

Мекеменин маалыматына караганда, көргөзмөгө негизинен Өзбекстандан чыккан RAVON автоунаалары менен ISUZU автобустары коюлат. Аларды Кыргызстанда да өндүрүү максаты бар.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө өзбекстандык заводдордун жетекчилери журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүшөт. Анда алар буга чейин кол коюлган келишимдерге ылайык машина куруу тармагындагы кызматташтыктын келечеги, жолдору тууралуу айтып беришет. Жыйынтыгында шоу-программа коюлуп, баалуу сыйлыктар ойнотулат. Баш байгеге өзбек өндүрүшүнөн чыккан автоунаа коюлат. (NT)

XS
SM
MD
LG