Казакстан 2018-жылдан тартып "Eurovision" ыр сынагына катыша баштайт. Өлкөнүн Маданият жана спорт министрлиги билдиргендей, Европадагы көрсөтүүлөр биримдиги сынакка катышууга уруксат берүү туууралуу Казакстандын 31-каналынын өтүнүчүн канааттандырды.
Эми казак тарап кийинки жылдын май айында сынактын тандоо бөлүгүнө ырчыларды жиберет. Ага чейин тандоо кастинги өткөрүлөт. "Eurovision" сынагына телеканалдары Европадагы көрсөтүүлөр биримдигине кирген өлкөлөр катыша алышат.
Эмдиги жылы маданий иш-чара Португалияда өтөт. Ага 43 мамлекет катыша турганын ырастады.