Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Мурдагы коргоо министри генерал-майор наамынан ажыратылды


Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев. 12-сентябрь, 2012-жыл.
Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев. 12-сентябрь, 2012-жыл.

Мурдагы коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен генерал-майор аскердик наамынан ажыратылып, 5 миллион сом айыппул төлөмөк болду. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, райсот Өмүралиевге тагылган "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" (305) беренеси боюнча актап, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" (304) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Таалайбек Өмүралиев коргоо министри болуп турганда каржы бөлүмүнүн башчысы менен сүйлөшүп алып, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 5 миллион сомду чарбалык субъектиге максатсыз бөлгөнү аныкталган.

Буга байланыштуу Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан ашыра пайдалануу”, “Кылмышка шериктеш болуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Өмүралиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG