Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Таласта соодагерлер нааразылык акциясына чыгышты


Талас шаары.
Талас шаары.

Бүгүн Талас облустук администрациясынын алдына 20дан ашуун соодагер нааразылык акциясына чогулду. Алар жаңы жылдык товарларын сатыш үчүн шаардагы Манас көчөсүнөн жармаңкеге уруксат берүүнү талап кылышты.

Чогулгандар менен облустук администрациянын өкүлдөрү бетме-бет сүйлөшкөн соң соодагерлерге жармаңке уюштурууга уруксат берилди. Нааразычылык акциясына чыккан соодагерлердин бири Нургазы Жуманалиев жергиликтүү бийлик эртеңки күндөн баштап Манас көчөсүндө жармаңке уюуштурууга көмөк көрсөтмөй болгонун айтты.

Жыл сайын Талас облусунун ар башка райондорунан келген тургундар жармаңкеге чыгып, колдо бар буюм-тайымын сатат. Ар бир орун үчүн жармаңке катышуучулары 50 сомдон төлөшөт. (AlS)

XS
SM
MD
LG