КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков, социалдык түйүндө “Ала-Тоо 24” каналынын диктору Канат Авазбековдун фашисттик армиянын формасын кийген кийими боюнча түшүндүрмө берди.
Коомдук каналдын жетекчиси "Фейсбуктагы" барагында жазгандай, бул сүрөт каналдын жаңы жылдык кечесинен алынган.
- Кеченин жүрүшүндө Канат фашисттик армиянын офицерин туураган күлкүлүү номерге катышкан. Ошол учурда ага форма кийгизилген. Кийин ал форма чечилип, калган убакытта өзүнүн майрамдык кийими менен болгон, - деди Карыпбеков.
Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Канат Авазбековдун сүрөтүн көрүп, аны "фашизмге үгүттөп жатат" деген мүнөздө сынга алышууда.