Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапары менен Казакстанга барды


Cооронбай Жээнбеков жана Аскар Мамин.
Cооронбай Жээнбеков жана Аскар Мамин.

Астана шаарындагы эл аралык аэропортто кыргыз президентин ардактуу кароолдун коштоосунда Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Мамин тосуп алды.

Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун казак кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен чакан жана кеңири курамда жолугушуулары пландаштырылган. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана ЕАЭБнын алкагында кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулайт.

Иш сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат, Мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышмакчы.

Мындан тышкары Жээнбековдун Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев менен жолугушуусу да болжолдонгон.

Президенттин сапары андан ары Орусияда уланып, 26-декабрда ал Москвага жөнөйт. Иш сапары Орусиянын президентинин чакыруусу менен өтөрү айтылды. Кыргыз президенти Орусияда КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG