Ооганстандын башкалаасы Кабулда бир жанкечти Улуттук коопсуздук агенттигинин имаратынын жанында өзүн жардырып, андан кеминде алты кишинин өмүрү кыйылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Насрат Рахими билдиргендей, окуя 25-декабрдын таңында Кабулдун Шаш Дарак конушунда болгон. Бул райондо АКШ элчилиги менен НАТОнун кеңсеси жайгашкан.
"Ислам мамлекети" радикал тобу өзүнүн "Амак" сайты аркылуу чабуулга жоопкерчилик алды. Саламаттык сактоо министрлиги маалымдагандай, кеминде үч киши жарадар болуп ооруканага жеткирилди. Курмандыктардын көбү жанкечти өзүн жардырган учурда анын жанында жүрүп бараткан автоунаанын жүргүнчүлөрү болгону кабарланды.
Бир күн мурда Ооганстандын Гилменд провинциясында жолго коюлган бомба кеминде жети жай тургундун өмүрүн алган. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы билдиргендей, бул өлкөдө жыл башынан берки тогуз айда ар кандай куралдуу кармаштардан жана кол салуулардан 2640 киши мерт болгон.