Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Испан падышасы каталон парламентине кайрылды


Испаниянын падышасы Филипп VI .
Испаниянын падышасы Филипп VI .

Испаниянын падышасы Филипп VI Каталониянын жаңы шайланган парламентин Мадридден бөлүнүү аракеттеринен расмий баш тартууга чакырды. Ал Рождество майрамынын алдындагы салттуу кайрылуусунда эгемендик маселесин көтөрүү кайрадан карама-каршылыкка, туңгуюкка алып келерин эскертти.

Анын мындай билдирүүсүнөн төрт күн мурда Каталониянын Испаниядан бөлүнүшүн жактаган партиялар жергиликтүү шайлоодо аз айырма менен утуп, парламенттик көпчүлүктү камсыз кылышкан.

Октябрь айында каталон парламенти талаштуу референдумдун жыйынтыгын жүйө кармап, Каталониянын эгемендигин жарыялаган. Бул кадамды мыйзамсыз деп эсептеген испан өкмөтү каталон парламентин таратып, жаңы шайлоо жарыялаган болчу. Ошондой эле борбордук бийликтин талаптарына көнбөгөн каталон жетекчилерине кылмыш иши ачылган.

23-декабрда Каталониядагы эгемендикке умтулган аракеттердин башында турган мурдагы каталон президенти Карлес Пучдемон испан бийлигине кайрылып, ага өлкөгө кайтууга уруксат берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG