Линктер

дүйшөмбү, 28-май, 2018 Бишкек убактысы 07:06

Каталон шайлоосунда Испаниядан бөлүнүүнү жактагандар утту


Шайлоо жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин мурдагы каталон президенти Карлес Пучдемон Брюсселден кайрылуу жасады, 22-декабрь, 2017-жыл.

Каталонияда 21-декабрда өткөн шайлоодо Испаниядан бөлүнүүнү колдогон партиялар алдыга озуп чыгышты. Бул жолку шайлоого рекорддук деңгээлдеги шайлоочулар же тизмедеги добуш берүүчүлөрдүн 82 пайызы катышты. Алардын добуштарынын жыйынтыгы менен Каталониянын эгемендикке чыгышын жактаган партиялар 135 орундуу жергиликтүү парламентте 70 мандатка ээ болууда.

Ошол эле учурда Каталониянын Испаниянын курамында калышын колдогон "Жарандар" партиясы 2015-жылдагы көрсөткүчтөрүн жакшыртып, 37 мандат алганы турат.

Каталониянын эгемендикке чыгышын жактаган партиялардын жеңиши аларды кескин сынга алган испан премьер-министри Мариано Рахой үчүн утулуш катары каралууда.

Каталонияда күзүндө өткөн эгемендик боюнча талаштуу референдумдан кийин Брюсселге чыгып кеткен кеткен мурдагы каталон президенти Карлес Пучдемон "испан өкмөтү утулду" деп билдирди.

1-октябрдагы референдумда шайлоочулардын көбү Мадридден бөлүнүүнү жана өз алдынча жумурият түзүүнү колдогон. Бирок борбордук бийлик жана эл аралык коомчулук аны тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG