Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 17:47

Автономдук аймактын көз каранды эместигин жактаган жана Испаниянын курамында калууну колдогон партиялардын ажырымы анча көп болчудай эмес. Эртелеп шайлоо өткөрүлөөрүн испан өкмөтү эгемендик боюнча талаштуу референдумдан кийин жарыялаган.

Бүгүнкү шайлоо "Испанияда демократия калыбына келтирилгенден кийинки эң чоң ички кризиске чекит коет" деп үмүттөнгөндөр көп. Сурамжылоолор көргөзгөндөй, эгемендикти жактагандар да, падышалыктан чыгууга каршы болгон партиялар да добуштардын басымдуу көпчүлүгүнө ээ боло алышпайт. Байкоочулар Каталониянын өкмөтүн аныктоо дагы далай убакытка созулушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Мындай ойго айрым жергиликтүү тургундар да кошулат.

Эрте шайлоо автономдук аймакта 1-октябрда эгемендик боюнча референдум өткөрүлгөндөн кийин дайындалган. Конституциялык соттун тыюусуна карабай уюштурулган өнөктүккө аймактагы шайлоочулардын жарымы катышкан. Алардын көпчүлүгү Мадридден бөлүнүүнү жана өз алдынча жумурият түзүүнү колдогон. Бирок борбордук бийлик жана эл аралык коомчулук аны тааныган эмес.

Испаниянын өкмөтү жооп иретинде Башмыйзамдагы тиешелүү беренеге таянуу менен түз башкаруу киргизип, Карлес Пучдемон башында турган аймактык өкмөттү иштен алып, аймактын парламентин таркаткан.

Каталон өкмөтүнүн мурдагы министрлери, аймактык парламенттин төрайымы кутум уюуштуруу, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу боюнча айыпталып, камакка алынган. Пучдемон болсо Бельгияга качкан бойдон ал жерде эмгиче баш калкалап жүрөт.

Ошентсе да жикчил партиялардын шайлоого катышуусуна уруксат берилди. Каталониянын эгемендигин жактагандар добуш берүүнү референдумдун экинчи айлампасы катары кабыл алышууда.

2015-жылы Испаниядан бөлүнүүнү көздөгөн партиялардын көбү шайлоого чогуу аттанган. Алар ошондо эгемендик тууралуу референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүш үчүн жетиштүү мандат ала алышкан. Бирок бул жолу жикчилдер жаатында андагыдай биримдик жок. Солчул республикачылар Пучдемон менен кызматташуудан баш тартышты.

Каталониянын жетекчисинин кызматын аткарып жаткан аймактык өкмөттүн вице-премьер-министри Сорайя Саэнс де Сантамария башкаруудагы «Элдик партия» гана «эгемендик кыймылын жок кыла алат» деп билдирди.

Анын бул сөздөрү аймактын бөлүнүшүн жактагандарды нааразы кылып, алар "Мадрид демократияны муунтуп жатат, өзүнүн саясий кызыкчылыгы үчүн жикчилдерди жазалагысы келет" деп билдиришти.

Ошол эле учурда социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыгына караганда Каталониянын эгемендигине каршы чыккан үч партия жергиликтүү парламентте басымдуу көпчүлүк боло алчу түрү жок. Ошол эле сурамжылоолордун жыйынтыгы эл шайлоого өтө жигердүү катышарын көрсөтүп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG