Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:37

Дүйшөмбүдөн тарта Каталонияда Испан өкмөтү дайындаган жетекчилик ишин башташы керек. Өткөн жума аягында автономия жетекчилиги кызматынан алынып, парламенти таратылган. Ал эми испан прокуратурасы эгемендикти жактап келген каталон лидерлерин жоопко тартууну соттон өтүндү.

Дүйшөмбү Каталония үчүн сыноо болгондой. Аймакты түз башкаруу чечимин четке кагып автономия жетекчилери ишин уланта береби же борбордук бийлик аларды түрдүү жолдор менен сүрүп чыгарабы деген кызыгуулар жана санаркоолор күч.

Өткөн аптанын жума күнү автономия парламенти көз карандысыздыкты жарыялаган. Андан бир саат өтпөй борбордук өкмөт автономияга түз башкаруу киргизген. Ага ылайык Испания вице-премьер-министрин Каталония башчылыгына коюп, автономиянын мурдагы президентин, анын өкмөтүн кызматтан кетирип, парламентин тараткан.

Бирок дүйшөмбүдө каталон өкмөтүндөгү айрым аткаминерлер мурдагыдай эле кызмат ордуна келишти. Алардын бири - автономиянын Ички иштер министрлигин жетектеп келген Цезарь Пуиг:

- Менден "өзүңүздү кызматтан алынгандай сезип жатасызбы?" деп сурашты. Мен жок деп жооп бердим. Себеби мени өзүмдүн өкмөтүм иштен кетириши керек.

Борбордук бийликтин чечимине баш ийбегендерге кандай чара көрүлүп жатканы азырынча белгисиз.

Буга чейин Каталония полициясындагы бир топ Мадриддин буйругун укпасын, автономиянын мурдагы жетекчилерин кызмат ордунан кетирүү үчүн күч колдонбосун билдирген.

Бул тапта Испаниянын башкы прокурору Хосе Мануэль Маза Каталониянын жетекчилерине айып такты. Испан укуктук системасына ылайык, аларды жоопко тартууну өтүнүп сотко кайрылганын белгиледи:

- Прокуратура каталон өкмөтүнүн негизги мүчөлөрүнө каршы козголоң, көтөрүлүш жана мамлекет каражаттарын ыксыз пайдалануу боюнча арыз берди. Акыркы эки жылдагы алардын чечимдери жана ишмердиктери институционалдык кризис жаратты. Бул биздин Конституцияны толук четке кагуу менен 27-октябрда бир тараптуу көз карандысыздыкты жарыялоого алып келди.

Карлес Пучдемон
Карлес Пучдемон

Кызматтан алынган Каталониянын президенти Карлес Пучдемон болсо дүйшөмбүгө карата билдирүү жасай элек. Ал ишембиде демейдегидей борбор Барселонада эмес, башка Жирона шаарынан теледен элге кайрылган эле. Ал автономияга түз башкаруу киргизүүгө мүмкүндүк берген Конституциядагы 155-берене мыйзамсыз колдонулууда деген. Тарапташтарын болсо борбордук өкмөткө каршы демократия жолунда, тынч каршылык көрсөтүүгө чакырган.

Референдум каталондуктарды экиге бөлдү
Референдум каталондуктарды экиге бөлдү

1-октябрдагы референдум Каталония элин экиге бөлгөнү белгиленүүдө. Бир айдан бери өз алдынча өлкө болууну жактагандардын да, Испания менен бирге калууну эп көргөндөрдүн да митингдери өтүп келди. Акыркысы жекшембиде болду.

- Мен Каталониянын Испания менен биригишин тилейм. Алар ойлогондой эки бөлүнүүнү каалабайбыз. Мен Андалусиядан келдим, 65 жылдан бери ушул жерде жашайм, - деди жүрүшкө чыккандардын бири.

Дагы бири мындай дейт:

- Эгемендик процесси коомчулукту, көптөгөн үй-бүлөлөрдү экиге бөлдү. Мисалы, менин эгизим – иним көз карандысыздыкты жактайт. Мен аны колдобойм.

Испания өкмөтү киргизген түз башкаруу эрежесинин ыраатына ылайык, автономияда 21-декабрга парламенттик шайлоо белгиленген. Өлкөдөгү белгилүү "Эл-Мундо" гезитинин сурамжылоосунда ал шайлоодо Каталониянын көз карандысыздыгын жактагандар парламентте азчылыкты түзүп калат деген жыйынтык чыгарылган. Башка сурамжылоолор эки тараптын добушу тең чыгып калышы ыктымалдыгын көрсөтүүдө.

Каталон парламентиндеги буга чейинки азчылык референдумду, анын натыйжасында эгемендикти жарыялоону колдогон эмес.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG