Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:16

Мадрид Каталониядан түшүндүрмө талап кылды


Каталониянын эгемендиги боюнча референдум 1-октябрда өткөн.
Каталониянын эгемендиги боюнча референдум 1-октябрда өткөн.

11-октябрда Испания өкмөтү чукул жыйынга чогулду. 10-октябрдын кечинде Каталония автоном аймагынын жикчил лидерлери көз карандысыздык декларациясы деп аталган документке кол коюшкан.

Чукул жыйындын артынан Испания премьер-министри Мариано Рахой Каталония автоном аймагынын бийлигинен көз карандысыздык жарыяланып-жарыяланбаганын ырастоону расмий талап кылды:

- Бүгүн эртең менен өкмөт Каталония өкмөтүнөн көз карандысыздык жарыяланган-жарыяланбаганын тактоону расмий суроону макулдашты. Анткени бул жерде атайлаган чалкештик болуп жатат.

Сөз болуп жаткан "көз карандысыздык декларациясына" Каталония парламентинин депутаттары 10-октябрда кол коюшту. Жаңы документ азырынча "символикалык" гана макамга ээ.

Кол коюу аземинен мурда Каталон парламентинде аймактын лидери Карлес Пучдемон сөз сүйлөп, 1-октябрдагы талаштуу референдумдун жыйынтыктары Испаниядан бөлүнүү укугун берди деп ырастады. Ошондой эле ал аймактын эгемендигин расмий жарыялоону бир нече аптага жылдырууну сунуштады.

- Президент жана өкмөт көз карандысыздык боюнча декларациянын күчүнө киришин алдыдагы апталарда токтото турууну парламентке сунуштайбыз. Биз учурда чыңалууну басаңдатып, 1-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каталон эли койгон талаптарды тактап алышыбыз зарыл.

Пучдемон ошондой эле Барселона сүйлөшүүлөргө ар кандай уюмдар жана мамлекеттер ортомчулук кыларына үмүттөнөрүн кошумчалады. Испаниянын премьер-министринин орун басары Сорайя Саэнс де Сантамария Пучдемондун сөзүн сындап, ал өзү ким менен экенин жана кайда баратканын билбейт деп айтты:

- Өтө аша чаап, Каталониянын тарыхта буга чейин болбогон чыңалууга кептөө менен Пучдемон аймакты туңгуюкка түрттү. Аймак жетекчиси - президентти сөзү - өзүнүн ким, кимдер менен экенин жана кайда баратканын билбеген адамдын билдирүүсү болду. Өкмөт референдум боюнча Каталония мыйзамын тааныбайт жана ал добуш берүүгө Конституциялык сот тыюу салган. Бул кабыл алынгыс нерсе.

Мурдараак Испаниянын премьер-министри Мариано Рахой Каталониянын лидерлери жикчил пландарынан баш тартмайынча эч кандай сүйлөшүү мүмкүн эместигин айткан. Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча талаштуу референдум 1-октябрда өткөн. Аймактын бийлиги ырастагандай, добуш бергендердин токсон пайызы Испаниядан бөлүнүүнү жакташкан. Расмий Мадрид референдумду мыйзамсыз жана Конституцияга каршы деп атаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG