Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Каталонияда шайлоо алдындагы үгүт башталды


Испаниянын Жогорку соту 5-декабрда Каталония өкмөтүнүн мурдагы жетекчиси Карлес Пучдемонду камоо буйругун чакыртып алды. Ордер Евробиримдиктин бүтүндөй аймагында күчкө ээ болчу. Ошол эле күнү 21-декабрга белгиленген регионалдык шайлоо өнөктүгү башталды.

Соттун чечими эми Пучдемон жана анын өкмөтүнө кирген мурдагы төрт министрге эл аралык издөө алып салынды дегенди билдирет. Мындай чечим алар 21-декабрдагы парламенттик шайлоону утурлай Испанияга кайтуу ниетин билдиргенден кийин кабыл алынды. Бирок мекенинде ал саясатчылар дагы деле сепаратизм жана мыйзамдуу өкмөткө баш ийбегендиги үчүн сот жообуна тартылышы ыктымал.

Ушу тапта Бельгияда баш калкалап жүргөн Пучдемонду Испания аймагында кармоо буйругу күчүндө калууда. Пучдемон жана санаалаштары 1-октябрда падышалыктын курамындагы автономдуу аймак - Каталониянын көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөрүшкөндөн кийин бийликтен кетирилген. Добуш берүүнү Мадрид жана Евробиримдик тааныган эмес.

Көп узабай Пучдемон бир катар министрлери менен Брюсселге качышкан. Ноябрда болсо ага кутум уюштуруу, сепаратизм жана финансылык көз боемочулук айыптары тагылган. Күнөөсү далилденсе, ал узак мөөнөткө түрмөгө кесилиши ыктымал.

4-декабрда Испаниянын Жогорку соту бир нече мурдагы министрди күрөөгө бошотту. Ошол эле күнү регионалдык парламенттик шайлоо алдындагы үгүт иштери расмий башталды.

Шайлоо өткөрүүнү Мадрид көз карандысыздык мүдөөсүнө байланышкан кризистен чыгуу аргасы деп атаган.

Испаниядан бөлүнүүнү максат кылган "Биргелешип Каталония үчүн" деген партия үгүт кампаниясын баштап жатып Барселонада ири иш-чара уюштурду. Партия лидери Карлес Пучдемон миңдеген тарапкерлерине видео байланыш аркылуу кайрылуу жасады:

- Испания өкмөтү бир нерседен чочулайт, бир нерсе алардын тизесин калтыратат: өлкөнүн алга жылуусун каалаган адамдар 21-декабрда бардыгы биргелешип Каталония үчүн добуш беришет деп коркушат. Биз жакшы жыйынтык көргөзүүгө эмес, жеңүүгө умтулушубуз керек. Ошондо алар коркконунан титирешет.

Элдик партиянын атынан Каталониянын жетекчилигине ат салышып жаткан Хавьер Гарсиа Албиол кампаниясын баштап жатып Испаниянын биримдигине басым жасоо керектигин белгиледи:

- Айрымдар бөлүнүп-жарылуу, тирешүү, социалдык ажырымды тереңдетүү багытын улантууну көздөшөт. Биздей Элдик партияга кирген аялдар менен эркектер болсо бул ыргакты өзгөртүү үчүн күрөшөбүз. Жикчилдик пайда кылган бөлүнүүнү, жараларды бүтөөнү максат кылган өкмөттү жетектейбиз, анын бир бөлүгү болобуз.

Автономдуу аймак Испаниянын курамында калышы керекпи деген маселеде жергиликтүү калктын пикири эки ача бойдон кала бергени менен, сурамжылоолор көргөзгөндөй, биримдикти колдогондор жаш Ciudadanos партиясына артыкчылык берет деп күтүлүүдө.

Расмий сурамжылоо ошондой эле Испаниядан бөлүнүүнү жактаган күчтөр шайлоодо парламенттик көпчүлүктөн кол жууп калаарын көргөзүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG