Рим папасы Франциск католиктерди жер которууга аргасыз болгон миллиондогон качкындар менен мигранттарды көз жаздымда калтырбоого үндөдү. Ал Рождествого караган түнү Ватикандагы сыйынуу маалында качкындарды христиан дининде Ыйса пайгамбардын ата-энеси катары саналган Мария менен Иосифке салыштырып, алар да кезинде жер которуп жүрүүгө мажбур болгонун элдин эсине салды.
"Биз азыркы тапта жолго чыгууга мажбур болгон бүтүндөй үй-бүлөлөрдүн агымын көрүп жатабыз. Өз ыктыяры менен жер которбогон, өз жеринен айдалган жана жакын адамдарын калтырып кетүүгө аргасыз болгон миллиондогон адамдарды көрүп турабыз", - деди Рим папасы.
Ал алсырап турган адамдарга жардам берүү керек экенин кошумчалады. Рим папасынын жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү айткан бул сөздөрүн Ватикандагы сыйынууга келген 10 миңдей адам угуп турду.
81-жаштагы Папа Франциск - кезинде Италиядан Аргентинага жер которуп келген мигранттардын небереси. Ал дүйнөдөгү 1,2 миллиарддай католиктердин лидери болгондон бери бир нече жолу мигранттарды коргоп чыккан.