Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Салянованын соту эртеңкиге жылды


Аида Салянова.
Аида Салянова.

“Ата-Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын сотунда жактоочу Чынара Жакупбекова ооруп калганына байланыштуу сот жараяны эртеңки күнгө жылды. Күндүн башында соттор коллегиясы жактоочунун ооруп жатканы тууралуу расмий маалымдама жок болгондугуна байланыштуу процессти түштөн кийинкиге жылдырган. Ал эми түштөн кийин жактоочунун ооруп жаткандыгы боюнча маалымат келгенден кийин гана жараян эртеңкиге жылды.

Салянова өзү “Азаттыкка” билдиргендей, соттор тез арада өкүм чыгаруунун аракетин көрүп, жүйөлүү себептерди да эске албай жатышат.

- Эртең адвокат келбесе, мамлекеттик жактоочуну дайындаганы жатышат. Негизинен азыр өтө тыгыз графикте сотту өткөрүп жатышат. Негизинен менин жактоочум ооруп жатат, бирок, ооруганына карабай эртең келүүгө аргасыз болот го.

10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту Аида Салянованы Кылмыш кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") менен күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Чечимге ылайык депутат өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөйт. Оппозициячыл саясатчыга 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Салянова өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бул ишти “саясий буюртма” деп баалап жүрөт. Ал райондук соттун чечиминин үстүнөн доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Бул инстанция да Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырса, БШК Салянованын депутаттык мандатын алуу маселесин карашы мүмкүн. (SDz)

XS
SM
MD
LG