Линктер

шейшемби, 21-август, 2018 Бишкек убактысы 20:42

Жээнбеков шаардык соттун беш судьясын ордунда калтырды


Президент Сооронбай Жээнбеков Сот тандоо кеңеши көрсөткөн 8 талапкердин ичинен бешөөнү Бишкек шаардык сотунун судьясы кызматында калтырды. Бул тууралуу Сот тандоо кеңешинин төрагасы Шамаралы Майчиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, президент жактырган судьялар Эрмек Бейсекеев, Ирина Воронцова, Алмазбек Кудайбергенов, Жаныл Мамбеталы жана Бермет Толубаева эми 65 жашка чейин Бишкек шаардык сотунда судья болуп иштейт.

Кыргызстандын жергиликтүү сотторунда жана Жогорку сотто 447 судья бар. Азыр алардын болжол меен 25и дайындала элек. Судьялар Сот тандоо кеңешинен өтүп, 5 жыл иштегенден кийин мамлекет башчысынын макулдугун алса, пенсия курагына чейин иштейт. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG