Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Казакстан менен бир катар документтерге кол коюлду


Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар биргелешкен документтерге кол коюлду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мамлекет башчылар Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев кол койгон документтердин арасында эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашуу бар.

Жээнбеков Казакстанга расмий иш сапар менен бүгүн эртең менен барган. Анын жүрүшүндө казак лидери Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу алаканы талкуулады. Президент 26-декабрда Казакстандан ары Москвага жол тартат. (NT)

XS
SM
MD
LG