Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Президент Жээнбеков Орусияга иш сапары менен барат


Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл. Астана.
Сооронбай Жээнбеков жана Нурсултан Назарбаев. 25-декабрь, 2017-жыл. Астана.

Сооронбай Жээнбековдун иш сапары Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен болорун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдириди.

Сапардын жүрүшүндө ал Москвада орус бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Орусияга сапардын алдында Жээнбеков 25-декабрда Казакстанга барып, казак лидери Нурсултан Назарбаев менен кезиккен. Президенттер эки тараптуу кызматташтык боюнча биргелешкен билдирүү, кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан.

Жээнбеков Казакстандан ары бүгүн Москвага жол тартат. (NT)

XS
SM
MD
LG