Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:21

Өзбекстанда шайлоодогу бурмалоо жөнүндө маалымат ачыкка чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда биринчи жолу шайлоодогу бурмалоо тууралуу кабар ачык жарыяланды. 24-декабрда өткөн райондук кеңештердин депутаттарын шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө маалыматтар камтылган “Шайлоо учурундагы көз боёомочулук” деп аталган тасма "Kun.uz" порталында жекшембиде жайгаштырылды. Кийинки күнү материал сайттан өчүрүлгөнү менен анын көчүрмөсү Интернетке тарап кеткен.

Тасмада Ташкенттеги эки добушканада жапырт түрдө бюллетендерди үкөккө таштоо учурлары тартылган. Анда жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү сынга алынып, БШК туура эмес маалымат таратканы айтылган.

Өзбекстандын өкмөттүк басылмалары шайлоо “демократиялык стандарттардын” негизинде өткөнүн, мыйзам бузуу болбогонун жазып жатышат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына шайлоо Ташкентте акыркы 14 жылдан бери биринчи жолу өттү. Шайлоодо алгач ирет электрондук бирдиктүү эсептөө системасы колдонулду.

XS
SM
MD
LG