Жарандык активист Мавлян Аскарбеков "сотто карама-каршы көрсөтмө берип жатат" деген негизде анын элдик жыйында айткан сөздөрүн талдаган эксперттердин үстүнөн прокуратурага кайрылат. Аскарбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, эксперттер мындай көрсөтмөнү басым астында берген.
“Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга үндөө” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал быйыл 16-январдагы авиакырсыктан жапа чекккен Дача-СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университет, БГУ, Илимдер академиясы, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап чыккан. Алардын корутундулары сотто каралууда.
Аскарбековго козголгон кылмыш иши боюнча акыркы териштирүү 25-декабрда өтүп, анда айыпталуучу тарап судьяга ишеним көрсөтпөө тууралуу өтүнүч келтирген, сот аны четке каккан. Активист судьянын мамилеси боюнча Конституциялык палатага кайрыларын айтууда. Ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту териштирип жатат.
Мавлян Аскарбеков өзүнө тагылган айыпты четке кагып, аны оппозициялык ишмердигине куугунтук катары баалап келет. Кийинки жараян 9-январга белгиленди. (NT)