Ош-Бишкек автожолунун Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрмө жайында чоң оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМдин өкүлдөрү кабарлашты.
“Учурда автоунаалардын бардык түрү кезек-кезеги менен өткөрүлүп жатат”, - деп жазылат ӨКМдин маалыматында.
Кечээ Төө-Ашууда калың жааган кардын айынан оор жүк ташуучу унааларга кечки саат тогуздан баштап чектөө кирген. Жолчулар ашууда узун тыгын жана туман болуп, айрым тилкелерде жол тайгак болгонун айтышкан. Жолду тазалоо иштери түнү менен жүрүп, жол ачылганы менен ӨКМ айдоочуларды узак сапарга чыгуудан карманып турууга чакырууда. (SDz)