Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барат. Анда Исаков аймактын бир катар өнөр-жай жана социалдык объектилерин кыдырып, алардын иши менен таанышат.
Тактап айтканда, премьер-министр Жалал-Абад шаарындагы «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК, Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызмунайгаз» ААК жана Майлуу-Суу шаарындагы «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧК ишмердүүлүгү менен таанышмакчы.
Мындан тышкары, Сапар Исаков Жалал-Абад мамлекеттик университетине жана Жалал-Абад шаарындагы балдар психоневрологиялык стационардык мекемесине барат.
Мындан тышкары, ал Базар-Коргон районундагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин чыңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышат. (SDz)