Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Грузияда террорчулук боюнча шектүү үч киши кармалды


Операция Жоколо жана Дуиси айылдарында өттү.
Операция Жоколо жана Дуиси айылдарында өттү.

Грузиянын Панкисск капчыгайында өткөн атайын операциянын алкагында террочулук боюнча шектүү үч киши кармалып, бирөө жарадар болгону маалымдалды. Кармалгандар "Ислам мамлекети" радикал уюму менен байланышта деген шектүү болуп жатат.

25-декабрга караган түнү Грузиянын Ички иштер министрлигине караштуу атайын бөлүмдүн 60тай кызматкери капчыгайдын ичиндеги айылдарда бир нече үйдү курчоого алышкан. Жоокерлерге каршылык көрсөткөн бир жаранга ок атылып, калганы колго түшкөн.

Атайын операция Грузиянын Чеченстан менен чектеш Жоколо жана Дуиси айылдарында өткөрүлдү. Бул аймактарда негизинен чечен улутундагылар отурукташкан.

XS
SM
MD
LG