Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 00:09

Быйыл Бишкекте жол кырсыктарында 29 жөө жүргүнчү каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Бишкекте жыл башынан бери 29 жөө жүргүнчү жол кырсыгынан көз жумган. Маалыматка ылайык, жыл ичинде жөө кишилер катышкан 1131 кырсык катталган.

Ушундан улам Бишкек мэриясы жер үстүндөгү өтмөктөрдү куруп жатат. Кыргызстан боюнча жыл башынан бери 828 киши автокырсыктан каза тапкан. (UEz)

XS
SM
MD
LG