Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 09:57

Сирия аскерлери оппозициячыл күчтөрдү курчоого алышты


Жети жылга созулган жарандык согушта Сирияда 330 миңден ашуун киши өлүп, миллиондор тынчтык издеп үй-жайынан безди.

Сириянын аскерлери Израил жана Ливан менен чектеш аймактарда жайгашкан, буга чейин козголоңчулардын карамагында болуп келген анклавды өз көзөмөлүнө алышты.

Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория 25-декабрда билдиргендей, он күнгө созулган операциядан кийин Бейт-Жин деген шаарда Асаддын каршылаштарын өкмөттүк күчтөр курчап алышты.

Анклав өлкөнүн түштүк-батышындагы оппозициячыл күчтөрдүн соңку таянычы эле. Израил өз чек арасына жакын жерде мындай операциялардын өтүп жатканына тынчсызданганын билдирди.

Жети жылга созулган жарандык согушта Сирияда 330 миңден ашуун киши өлүп, миллиондор тынчтык издеп үй-жайынан безди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG