Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Кытайда таанымал укук коргоочу сегиз жылга кесилди


Тяньцзин шаарынын соту.
Тяньцзин шаарынын соту.

Кытайда таанымал укук коргоочу У Гань сегиз жылга эркинен ажыратылды. Ага "мамлекеттик бийликти кулатууга аракет кылган" деген айып коюлду. Өкүмдү өлкөнүн түндүгүндөгү Тяньцзин шаарынын соту чыгарды.

"Орой касапчы" (Ultra Vulgar Butcher) деген лакап ат менен укук коргоочу Интернетте бийликти мыскылдап келген. Гандын адвокаты жогорку инстанцияларга доо арыз менен кайрыларын билдирди.

44 жаштагы У Гань кызматынан кыянатчылык менен пайдаланганы кеп болгон аткаминерлерди орой мыскылдап, аларга каршы көчөдө акцияларды өткөргөнү менен таанымал болгон. Ал негизинен жергиликтүү расмий адамдарды мыскылдачу. У Гань 2015-жылы камалып, эки жыл соттун чечимин күтүп жатты.

XS
SM
MD
LG