Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Ирандын соту швециялык окумуштуунун өлүм жазасын күчүндө калтырды


Швециялык иликтөөчү Ахмадрез Жалали жубайы менен.
Швециялык иликтөөчү Ахмадрез Жалали жубайы менен.

Ирандын Жогорку соту швециялык иликтөөчү Ахмадрез Жалалиге карата чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Стокгольмдогу Каролин институтунун өлүм жазасына тартылган илимпозу Ахмадрез Жалали 2016-жылы Тегеранга жыйынга барган маалда кармалган. Ага тыңчылык жана "кудайга акаарат келтирген" деген айыптар тагылган.

Өкүм күчүндө калганын 25-декабрда Тегерандын прокурору Аббас Жафари Долатабади билдирди. Өкүмдө Жалали Израилдин өкмөтү менен кызматташканы жазылган.

Долатабадинин айтымында, Жалали бир нече ирет израилдиктер менен жолугушуп, Ирандын коргоонуу жаатындагы маалыматтарды берип турганын мойнуна алган. Жалали өзү көрсөтмөлөрдү психологиялык басымдын алдында бергенин кийин адвокатына айткан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Жалалинин өлүм жазасына тартылышын айтыпташып, Иран соттук териштирүүсүз эле өмүргө буйруп жатканын айтышты. Швеция да өкүмдү кескин сынга алып, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады.

Нобел сыйлыгынын 70 лауреаты акыркы бир ай ичинде Иран бийлигине кайрылышып, Жалалини илимий ишин улантуу үчүн бошотууну суранышты. 46 жаштагы Жалали Ирандын жараны, бирок Швецияда көп жылдардан бери туруктуу жашап келет.

XS
SM
MD
LG