Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Евробиримдик орус БШКсын Навальныйды каттабаганы үчүн сындады


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Евробиримдик Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясынын оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды президенттикке талапкер катары каттабай коюшун сынга алды. Уюмдун тышкы байланыш бөлүмү 26-декабрда тараткан билдирүүдө "БШКнын бул кадамы Орусиядагы шайлоонун демократиялуу өтүшүнөн күмөн санатат" деп жазылган.

Документте Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиядагы Навальныйга карата козголгон иш боюнча сот адилетсиз өткөнүн 2013-жылы тааныганы жазылган. Брюссель оппозициячыл саясатчыга "Кировлес" иши боюнча тагылган айыптардын саясий мүдөөсү бар деп эсептейт.

Бир күн мурда БШК Навальныйды президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан. Боршайком өз чечимине "Навальныйдын эки ирет "Кировлес" иши боюнча соттолгону жолтоо болду" деп жүйө келтирди. Буга жооп катары оппозициячыл саясатчы шайлоочуларды жалпы орусиялык нааразылык акциясына жана шайлоону бойкот кылууга чакырды. Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Навальныйдын чакырыктары мыйзамдарга каршы келбестигин текшерүү зарыл" деп билдирди.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартына белгиленген. Ага талапкер катары катышаарын азыркы президент Владимир Путин, теле алып баруучу Ксения Собчак, ишке Борис Титов, ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский жана "Яблоко" кыймылынын негиздөөчүчү Григорй Явлинский билдирген.

XS
SM
MD
LG