Линктер

бейшемби, 18-январь, 2018 Бишкек убактысы 17:51

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы мартта өтө турган шайлоодо расмий түрдө талапкер катары көрсөтүлдү. Анын талапкерлигин көрсөтүү боюнча демилгечи топтун Москвадагы жыйынына 600гө жакын киши катышты.

Келгендерге Оливер Стоундун «Путин», Алексей Пимановдун «Крым» тасмалары көрсөтүлдү. Путиндин өзү жыйынга келген жок.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери башкарып келатат. Анын 13 жылында президенттик кызматты ээлесе, төрт жыл өкмөт башчы болуп иштеген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG