"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамдын күчүнө киришин үч айга жылдыра туруу боюнча өкмөттүн сунушун 21-декабрда парламент экинчи окууда колдоп берген.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул сунушту мыйзам күчүнө киргенден тартып аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 30 миңге жакын балдар 2018-жылдын ичинде жөлөкпул алуучулардын тизмесинен чыгып калары, ошондуктан аны изилдөө зарылдыгы келип чыкканы менен түшүндүргөн.
"Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга быйыл июлда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Документ 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирмек. Анда 2018-жылы төрөлгөн бардык ымыркайларга 4 миң сомдон сүйүнчү, үч жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон берүү каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалуу үй-бүлөлөргө алар 16 жашка толгонго чейин айына 500 сомдон жөлөкпул чегерүү каралган.
Өкмөттүн мыйзамдын мөөнөтүн үч айга артка жылдыруу боюнча сунушу колдоо тапса, жөлөкпулду жаңы мыйзамдын негизинде төлөө кечеңдейт. Ал эми сүйүнчү пул төлөнө берет.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Аида Касымалиева өкмөттүн кадамын сынга алган. Коомчулукта "бул мыйзам бюджеттин абалына карабай, шайлоо алдында упай топтоо максатында кабыл алынган" деген пикирлер да айтылууда.
Буга чейин Нарын шаарында "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамды четке кагуу талабы менен бир нече жолу нааразылык акциясы өткөн. (NT)