Линктер

шейшемби, 18-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 17:38

Салянова президентти педофилдердин жазасын күчөтүүгө чакырды


Аида Салянова.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова президентти педофилдердин жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна кол коюуга чакырды.

Салянованын “Фейсбук” аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго ачык кайрылуусунда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорунун тагдырына тынчсызданып жатканын билдирген. Депутат балдардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн ага кол коюуну өтүнгөн.

"Баарынан мурда коомчулук бачабаздардын жазадан кутулуп кетип жатканына кабатыр. Анткени азыркы мыйзамда мындайларга жеңил жаза каралып калган", - деген Салянова педофилдер менен зордукчуларды балдар менен байланышкан эмгек менен алектенүү укугунан мөөнөтсүз ажыратуу тууралуу жобого президенттин аппараты "Башмыйзамдагы эмгек укугуна каршы келет" деп макул болбой жатканын, ушундан улам мамлекет башчысы ага вето коюшу ыктымал деп тынчсызданып жатканын жазган.

Депутаттын пикиринде, балдардын коопсуздугу тууралуу сөз болуп жатканда педофилдердин эмгек укугуна кабатырлануу туура эмес.

Буга чейин Аида Салянова баштаган депутаттар тобу Кылмыш кодекси менен Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелерин өзгөртүү боюнча долбоор иштеп чыгышкан. Анда педофилдердин жазасын күчөтүү, аларды азыркы мыйзамда каралгандай балдарга байланышкан эмгек укугунан үч жыл эмес, өмүр бою ажыратуу маселеси бар. Документ президенттин кароосунда. (NT)

XS
SM
MD
LG