Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Калиев: Жаандын карга айланышы электр энергиясын үзгүлтүккө учуратты


Айбек Калиев.
Айбек Калиев.

Мындай маалыматты "Улуттук энергохолдинг" акционердик коомунун жетекчиси Айбек Калиев 27-декабрда журналисттерге билдирди:

- Аба ырайында өзгөрүү болорун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баарыбызга эскерткен. Кечээ жалпы өлкө боюнча эле жаан жаады. Ал кечинде карга айланды. Биздин электр энергиясын жеткирүүчү чубалгыларыбызга муз тоңуп, шамал болгондо зымдар оор болуп, үзүлүп кеткен жерлер болду. Зымдарга жакын жайгашкан бак-дарактар шамалга сынганда, үзүп кеткен учурлар да катталды. Учурда "Түндүк электр" ишканасында эле электр энергиясын калыбына келтирүү боюнча 128 бригада иштеп жатат. Башка жактарда да ушундай эле бригадалар иштеп жатат.

Айбек Калиев жалпы республика боюнча 27-декабрь күнү кечке чейин электр энергиясы калыбына келтирилерин белгиледи.

27-декабрдын таңында өлкөнүн бир катар аймактарында кар калың түштү. Ушундан улам Бишкек жана Токмок шаарларынын, Чүй жана Талас облустарынын айрым аймактарында электр зымдары карды көтөрө албай үзүлгөн. Бишкек шаарында да айрым райондордо жарык өчүп, жолдо жүрүү кыйынчылыкка учураган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG