Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 04:44

Украина жана Орусия колдогон жикчилер туткундарды алмашат


Туткундар мурда алмашылган учурлардын бири. Луганск, 26-февраль, 2016-жыл.

Орус медиасынын кабарларына караганда, Украинанын чыгышындагы Орусия колдогон жикчилер өз карамагындагы тиешелүү украин туткундарынын баарын мерчемдүү жерге жөнөтүштү.

Баштапкы маалыматтарга караганда, туткундар бүгүн кечке жуук алмашылат.

Туткундарды алмашуу боюнча макулдашуу түзүлгөнүн украин бийлиги да, жикчилер да эки күн мурда ырасташкан.

Украин парламентинин биринчи вице-спикери Ирина Герашченконун айтымында, жикчилер 74 украиналыкты бошоткону турат. Алар 306 кишиге алмаштырылмакчы.

Алмашуу 306-74 формуласында ишке ашарын жикчилердин лидерлеринин бири Александр Захарченко да билдирди. Анын айтымында, алдыда туткун алмашуунун кийинки баскычтары да болот.

Украин өкмөтү менен Орусия колдогон жикчилдер акыркы он төрт айдан бери туткун алмаша элек болчу.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын апрель айынын ортосунан берки куралдуу тирешүүдө бүгүнкү күнгө чейин 10 миңден ашуун киши курман болду. (UE)

XS
SM
MD
LG