Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Медиа: Орусиядан чет элдик инвесторлор кетип жатат


Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бийлик өкүлдөрү өлкө санкциялардын шартында жашоого ылайыкташканын айтып жүрүшөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бийлик өкүлдөрү өлкө санкциялардын шартында жашоого ылайыкташканын айтып жүрүшөт.

Чет элдик жана орус медиасындагы маалыматтарга караганда, көптөгөн чет элдик инвесторлор 2017-жылдын акыркы күндөрүн акчасын Орусиядан чыгарып кетиш үчүн колдонуп жаткандай.

Анын башкы себеби - "Кошмо Штаттардын келерки жылдагы жаңы санкциялары Кремлге жакын олигархтар менен Орусиянын мамлекеттик корпорацияларын бутага алышы мүмкүн" деген чочулоо.

Маселен, “Коммерсанть” басылмасынын жазганына караганда, Уолл Стриттин "Bank of America Merrill Lynch" компаниясы Орусияда быйыл жыл аягына карата чет элдик инвестициянын көлөмү бир миллиард долларга жакын азаярын эсептеген.

Ал эми Орусия Сбербанкынын башчысы Герман Греф британиялык "Financial Times" гезитине орус олигархтары менен мамлекеттик корпорацияларына каршы катаал санкция киргизилиши күмөн экенин, бирок андай санкция киргизилсе "кансыз согуш" жөн эле “баланын оюну” болуп каларын айткан.

"Financial Times" басылмасынын жазганы боюнча, жаңы санкциялардын алкагында Орусиянын банктары эл аралык "Swift" электрондук төлөм системасынан кыркылып да калышы мүмкүн.

АКШ жана Евробиримдик Крымдын 2014-жылдагы анексиясынан кийин Орусияга каршы экономикалык санкцияларды бир нече айлампа менен киргизген. Алар азыр да күчүндө.

АКШ Конгресси болсо быйыл жайда мурдагы президент Барак Обаманын тушунда администрациянын чечими менен кабыл алынган санкцияларга мыйзамдык күч берип, ага жаңыларын да кошкон болчу. Мыйзамга президент Доналд Трамп дагы кол койгон.

Жаңы мыйзам америкалык компанияларга Орусиянын темир жол, кеме, металлургия жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Орусиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. (UE)

XS
SM
MD
LG