Линктер

шейшемби, 16-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:39

Бишкектин экс-вице-мэри аралашкан кылмыш иши козголду


Бишкектин мэриясы.

Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри Эрнис Зарлыков аралашкан иш боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши мэриянын капиталдык курулуш жана каржы башкармалыгынын кызматкерлерине карата ачылган. Маалыматка ылайык, кызматкерлер борбордогу мектептердин биринин курулушун каржылоодо мыйзам бузушкан. УКМК аларга карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык жасалмалоо” жана “Өлкө кызыкчылыгына каршы келишим түзүү” беренелери боюнча иш козголгонун айтты.

Учурда бул ишти атайын кызматтын тергөө башкармалыгы иликтеп жатат. Сулайманов кошумчалагандай, Эрнис Зарлыков бул иште фигурант катары эсептелет.

Эрнис Зарлыков 2011-жылдан тартып мэриянын каржы башкармалыгын жетектеп, 2016-жылдан тартып вице-мэр болуп иштеген. Зарлыков президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон. (UEz)

XS
SM
MD
LG